- genealogy, seeds, information on the origin, distribution, and of the people.
Санжыра – уруу, уруктардын, элдин келип чыгышы, таралышы, бөлүнүшү, тарыхы жөнүндө маалымат берген оозеки чыгармачылыктын бир түрү. Кээде бул жазуу түрүндө да учурайт. Кыргыз санжырасында мифтик, уламыштык багыты күчтүү болуп, ыр формасында (мис., Балык акын айткан вариант ), кара сөз түрүндө ( Чодо, Мусакожо ) айтылган. Б.Солтоноев, Осмонаалы Сыдык уулу, Бала ырчы, Тоголок Молдо, Талип Молдо, Актан Тыныбеков санжыраларын жазып калтырышкан. Ар элдин, уруу – уруктун, ар бир адамдын, санжырасы айтылган, өзгөчө тарыхтагы белгилүү адамдарга карата ата-тек сүрүштүрүлгөн. Санжыра тарыхка жакын, бирок аны чыныгы реалдуу нерсе – тарыхый чындык деп түшүнүүгө болбойт. Анын көркөм структурасы уламыш, легенда, кошок, арман ж.б.-ды да камтыйт. Бул жанр дээрлик дүйнөнүн көпчүлүк элдеринде айтылса да, кыргыздарда өзгөчө кеңири тараган жана өркүндөгөн. Сайф-ад-Дин Аксыкентинин 16-кылымдагы “Мажму ат-таварих” деген кол жазмасында кыргыздардын Ак уулдан тартып Аналхакка чейинки 20-23 атасынын тизмеси берилген. 19-кылымда В.Радлов, Н. Аристов, Н. Городсков, Ч. Валиханов тарабынан санжыралар жазылган. 1913 – 14-жылы Осмонаалы Сыдык уулу топтогон санжыра Уфада басылып чыккан.
Кыргыз адабияты. Көркөм сөз өнөрү жаралыш өзгөчөлүгүнө жараша негизги эки чоң бөлүктөн...
Кыргыз адабиятынын мыкты чыгармаларын аудио форматында угуңуз! Китептер кыргыз жана орус тилдеринде...
Основное действие романа Чингиза Айтматова "Когда падают горы (Вечная невеста)" происходит высоко...
Санжыра – уруу, уруктардын, элдин келип чыгышы, таралышы, бөлүнүшү, тарыхы жөнүндө маалымат...
«И дольше века длится день» — первый роман Чингиза Айтматова. Опубликован в...
Бул роман кыргыз элинин улуттук тарыхындагы өзүнчө бир доор - Кокон хандыгы...
Created with AppPage.net
Similar Apps - visible in preview.