Quick Sell is a popular app.
TezSat (TC) is an application prepared for each region!
Тез Сат - элдик тиркеме.
Биз соода-сатык тармагына шарт түзүү менен элдин жашоо деңгээлин жакшыртабыз!
Teз сат тиркемеси Кыргызстандагы ар бир айыл үчүн даярдалды.
493 айыл аймагы, 40 район, 22 шаар, 7 облус камтылган жана ар бири өз алдынча каралган. Тиркемени ар бир айыл өзүнчө иштете алат.
Максатыбыз айыл жерлеринде жашаган элибизге чоң базарларга чыгууга жол ачып, жардам берүү.
Негизинен айыл-чарба азыктарын тез, жеңил жана ыңгайлуу шарта сатканга жана сатып алганга ылайыкташкан тиркеме.
Айыл чарба бөлүмүнөн органикалык айыл-чарба азыктарын ортомчусу жок дыйкандан келишим баада суттып алууга болот. Ошондой эле, эт, cүт азыктарын, кургатылган жемиштер, үй жумурткаларын, аарыдан алынуучу азыктар жана балык продуктуларын тапканга болот. Өсүмдүктөрдү өстүрүүдө керек болгон жер семирткичтер, уруктар, малга тоют, көчөттөр, айыл чарба техникалары жана чарба дүкөн бөлүмдөрү бар.
Мындан сырткары күнүмдүк жашообузда керек болгон төмөндөгү бөлүмдөр да орун алган.
Электротехника.
Уюлдук телефондун түрлөрүн - колдонулганын, жаңысын таап алса же сатса болот. Компютерлер, ноутбуктар, play station, унаага электротехника, кондиционер жана башкалар.
Транспорт жана такси кызматтары
Автоунааңызды эми үйдө олтуруп эле сатсаңыз болот жана каалаган машинаңызды издеп таба аласыз. Узак жолго чыгуу үчүн үйдө олтуруп эле такси кызматын тапса болот.
Кызмат көрсөтүүлөр
Жүк ташуу, курулуш жана оңдоо иштери, мебел жасоо, жүргүнчү ташуу
тигүүчүлүк жана реставрация, транспорт оңдоо, курьердик жеткирүү жана башкалар бар.
Ал эми кол өнөрчүлүк бөлүмү, колунан көрү төгүлгөн чеберлерге чоң базарларга чыкканга жакшы шарт түзүп берет деген ойдобуз.
Мындан сырткары тамак-аш, үй-тиричилик жана кийим-кече сатканга ылыйыкташкан шартар түзүлгөн.
Спорт жана эс алуу
Спортго керек болгон жабдыктар, буюмдар, спорт оюндарын ойной турган жайлар жана башкалар киргизилген.
Соопчулук/Бекер берем
Бири-бирибизге жардам берели. Колдонулбаган буюм же окулуп бүткөн китеп болобу башкалар менен бөлүшсөк. Муктаждарга жардам көрсөтсөк болот.
Китептер жана кеңсе буюмдар
Мектеп окуучулары үчүн китептер, көркөм адабият жана кеңсе буюмдары камтылган.
Бөбөктөр үчүн жана башка бөлүмдөр бар.
Колдонуучуларда тиркеме боюнча сунуштары болсо, карап чыгып тиркемеге тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизгенге даярбыз.
Онлайн-супермаркет Arbuz.kz — это сервис доставки свежих продуктов в Алматы и Нур-Султане...
🔥NEW Version FinComPay 🔥 – cel mai securizat și ultramodern Mobile Banking,...
Tap.az layihəsi Azərbaycanda özəl elanlar üçün universal məkan təşkil etmək məqsədilə yaradılmış,...
Frequently Asked Questions(FAQ)
Created with AppPage.net
Similar Apps - visible in preview.